
Чүй облусунун Новопокровка айылында өрттүн кесепетинен эки адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт кафеден чыккан.
Новопокровка айылында жайгашкан кафедеги кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп, өрттүн кесепетинен бөлмөнүн ичинде орус улутундагы 2 адам каза болду. Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, 06:50дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда дешет мекемеден.