Айыл өкмөт башчы жана мэрлик кызматтарга конкурс жарыяланды

Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөт башчыларын тандоо жана муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги конкурс жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.

Конкурстун шарттары боюнча документтер 14-24-декабрга чейин кабыл алынат. Мамлекеттик резервге кирүү үчүн конкурс этаптар менен өткөрүлөт:

  1. Документтерди кароо
  2. КР мыйзамдарын билүүсү боюнча компьютердик тестирлөө
  3. Аңгемелешүү

Муниципалдык резервге тандалуучу адамдарга:

Жогорку билимдүү, райондук маанидеги шаарлардын мэрлигине 5 жылдан кем эмес мамлекеттик муниципалдык кызматта жана анын 3 жылы жетекчилик кызматта иштеген болуш керек деген талап коюлган. Ал эми вице-мэр болуучуларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес стаж керектелет.

Айыл өкмөт башчылыгы кызмат ордуна – жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы 5 жылдан кем эмес. Аны ичинде жетектөөчү кызматта 1 жылдык иш стажы, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы керек.

Катышуучулар документтерди мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык өкүлчүлүктөрүнө тапшыра алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
BISHKEK-312
2021-12-14 13:02:09
Ошондо өздөрүнүн депутаттары шайлай албай калыштыбы?
0
CAPATAH
2021-12-14 13:28:55
BISHKEK-312,жок,аким дайындайт айыл окмотту.
0
Jelezo
2021-12-14 13:41:56
Акчаң болсо танкасын деген мыйзам менен аныкталат.
0
talas0707
2021-12-14 14:03:22
Менин жеке оюм.айыл окмоту эл шайлаш керек эле. бул мыйзам жарабайт себеби жогорку айтылгандай акчан болсо танкасын болот жана айылдык депутаттар шайлаганда жарабай 20 кишинин конулун тапсан шайланасын. Жалпы эл шайлаган туура болмокго дейм.
+1
BISHKEK-312
2021-12-14 14:18:30
Жергиликтүү кеңештерди деле жойуп салуу керек, алар эч нерсе деле чечишпейт.
+3
Antiradikal10
2021-12-14 14:35:20
Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы дейт. Мен макулдабайм. Мамлекеттик же муниципиалдык кызматтардагы айлык-маяналар уй-було багууга жетпейт. Мына ошондуктан кызматкерлер коррупцияга аралашат, пара алууга отот. Бул биринчиси. Экинчиси ар качан жетекчилердин козун карап жалтактап иштешет, кошомат кылууну оздоштурот. Эми мына ошондо, паракор, подхалим жана инициативасы жоктор мэр, айыл окмот башчысы болуусу керекпи?!
0
Antiradikal10
2021-12-14 14:39:03
Баса, мамлекеттик же муниципиалдык кызматта иштеп, коррупцияга малынбагандар аз, ото аз. Булар кобунесе томонку тепкичтерде иштеген кызматкерлер... Эми ушуга чейин жетекчилик кызматтарда иштегендердин уй-мулку, байлыгын карап коргуло. Зангыраган особняктар, короосунда жол тандабас унаа. Айлыгы болсо 15-25 мин сом. Анан суроо бересин, кантип ушул айлык менен ушул особнякты куруп, ушундай жол тандабас унаа алса болот деп.
0
Antiradikal10
2021-12-14 14:42:31
Бизнес деп кутулушат. Анда экинчи суроо. Бизнесин оркундоп, итин чоп жеп турса, анда 15-25 мин сомдук кызматка эмне максатта бардын, ошол айлык-маянанды бизнесинден бир кундо таап жатсан?

Баары коррупцияга келип такалат. Мына Жогорку Кенешке да миллиондорду чачып умтулуп жатышпайбы талапкерлер. Болбосо айлык маянасы 25-30 мин сом. 5 жылдагы айлык маянасы шайлоодо чачкан 5 миллион сомго жетпейт. Демек коррупция бар. Ото чон коррупция бар. Муну баары билет, эл-журт билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан