Өлкөгө 2022-жылы 100 электромобиль алып келинет. Бул тууралуу Spark электромобиль ташуучу жана сатуучу компаниянын директору Сымбат Маратбек "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.
"Биз өлкөдөгү таксилерди жана коомдук транспортту электромобилге өткөрүү аракетин жасап жатабыз. 2022-жылдын январь айында өлкөгө 100дөн ашуун электромобиль алып келебиз. Андан сырткары соода борборлорунда жана башка стратегиялык имараттарда электромобилдерди кубаттоочу станцияларды куруп жатабыз.
2022-жылдын 1-январына чейин электромобилдер үчүн бажы алымы, кошумча нарк салыгы жок болгондуктан чоң жеңилдик бар. Бирок 2022-жылдын 1-январынан баштап электромобилдерге бажы алымы жана 12 пайыздык кошумча нарк салыгы киргизилет. Бул унаалардын баасынын кымбатташына алып келет. Өкмөт тарабынан мына ушул салыктарды алып салса же кандайдыр бир жеңилдиктерди киргизсе жакшы болмок.
Биз өлкөнүн бардык аймагына электромобиль колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында электромобиль кубаттоочу станцияларды Ысык-Көлгө, Бишкекке, Жалал-Абадга курууну пландап жатабыз. Максатыбыз - электромобиль айдоочулардын Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагына чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү", - деди ал.
Эскерте кетсек, Сымбат Маратбек мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы.