Кечээ, 14-декабрь күнү Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвилинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Михаил Мамиашвили Мелис Турганбаевди федерациянын жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктады.
Тараптар жолугушууда эки өлкөнүн күрөш спорту боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Анын ичинде кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен орусиялык балбан Роман Власовдун алдыда боло турган беттеши тууралуу да сөз болду.
Балбандардын беттешин уюштуруу ишин расмий түрдө эки өлкөнүн Күрөш федерациялары колго алганы кабарланды.
Эске салсак, мындан бир канча убакыт мурун орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен беттеш өткөрүү ниетин билдирип чакырык таштаган. Ал эми Акжол Махмудов чакырыкты кабыл алганын билдирген. Балбандар андан кийин 3 ирет видео байланыш аркылуу маек курушкан жана беттештин күнүн май айынын аягына белгилешкен.