ЭЛДИК КАБАР: "Арзан көмүр сатылып жаткан жайда 10 күндөн бери кезек жылбайт" дейт Бишкектин тургуну

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Анын айтымына караганда, арзан көмүр сатылып жаткан жайда 10 күндөн бери эле кезек жылбайт.

"Мурманская жана Акун дарегинде таратып жаткан арзан көмүр 10 күндөн бери эле кезек жылбайт.

Эл ошол жерге бара берип кыйналдык. Кезекке тургандардын кезеги жетпейт. Ал эми кезексиз алгандар көп болуп жатат.

Телеграмда көмүр деген группа бар. Эл ошол группадан жазышып сабыры түгөнүп баштады.

Жок дегенде кезек менен берип так иштешин бирөө көзөмөлдөбөсө чар-жайыт болуп баштады. Арты 4-5 жолу барып убара болуп кайра кетип жатабыз", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан