Кытай: Жигит сүйүктүүсүнө 102 килограмм акча белек кылды

Кытайдын жашоочусу үйлөнүү тоюнда сүйүктүүсүнө салмагы 102 килограмм акча белек кылды. Чет элдик маалымат булактары жарыялагандай, акчанын суммасы 8 миллион 888 888 юань же бир жарым миллион доллар. Сүйүктүүсү бул белекти кандай кабыл алганы белгисиз, бирок экөө тең Чжэцзян провинциясындагы бай үй-бүлөлөрдөн экени айтылды. 8 саны Кытайда бактылуу сан деп эсептелет. Бул жорукту аймакта сындагандар чыкты. “Эгер алар бири-бирин чындап сүйүшсө, мындай жорукту жасоого зарылчылык жок болчу”,- деген пикирлер айтылды.  

Кошумчалай кетсек, 2010-жылы Сяо Ван аттуу кытайлык жаран сүйүктүүсүнө 99 миң юань жана 999 роза тартуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан