Президенттин маалымат катчысы Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жоктугун билдирди

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мандат бөлүштүрүү боюнча пикирин билдирип, саясатташтырбоого чакырды.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун, анын үстүнө чайкоочулук кылуунун кереги жок. Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес", - деди Султанбаев.

Кечээ, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады. Анда БШКнын партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30 пайыздык гендердик квота тууралуу жобого өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан 1, жети мандат алган партиядан 3 аял депутат келери айтылган. Мындан улам жети мандат алган "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-12-16 14:51:30
Ооба Жапаровдорго тааныш деп качан айтмак эле.Как обычно,тиешеси жок дейт да
+2
JaneEr
2021-12-16 15:06:54
Dembele84,жок болсо жок дейт,бойроктон шыйрак чыгарышып...
-6
bela77
2021-12-16 15:18:08
Ушу бала таззале Сумбул болуп алды Хюрремди актап-жактап, бир жерин ######...андан коро эмне учун шайлоонун жобосу Акаев учун озгорду ошону айтсын бул Сумбул
+1
asefsa
2021-12-16 15:24:15
Оргалчага мне бар экен ЖКда, озубуздун эле кыз жигиттерден коюшсун
+4
Rusbayastan
2021-12-16 18:50:26
Келгенине 5 жыл болуптур бул Кыргызстанга бизнес кылганы учун келген эл учун иштебейт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан