Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуттук тарых музейине барып, инсталляциялар менен таанышып жатып, чуу жараткан аттарга токтолду. Анда эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду эске алган президенттин видеосу интернетке тарады.
"Бул Сапар инибиздин (ред.: Сапар Исаков) аттары да ээ? Баасын жазып (17 миң 730 евро) туура кылыптырсыңар. Бул деген тарых да, тарыхта калат. Кийинки муун ушуну көрүп уялат, ушундай кылгандан уялат", - дейт Садыр Жапаров.
Өлкө башчы менен кошо музейге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да барганын көрүүгө болот.