Жаңы жылдык маанайды Globus менен биргеликте жараталы

Жаңы 2022-жылга 3 жумадан аз убакыт калды! Үйдү майрамга карата кооздоп, жакындарыңызга белек камдоого даярданып, жаңы жыл күндөгү меню тууралуу ойлоно баштадыңызбы? Демек, Globus дүкөндөрүнө баш багууга мезгил келди, ушул тапта дүкөндүн текчелери жаңы жылдык ассортиментке толуп турат.

Жылдын эң маанилүү деп саналган бул майрамына карата дүкөндөр тармагы адаттагыдай эле жагымдуу сюрприздерди даярдады. Globus'тун жаңы жылдык сунуштары 2021-жылдын 11-декабрынан баштап 2022-жылдын 15-январына чейин аракетте болот.

Балатыга оюнчуктар, узундугу 5 метрден 20 метрге чейинки жарыктандырылган гирляндалар, терезелерге чаптай турган жаңы жылдык жасалгалар, жыгачтан жасалган кызыктуу буюмдар жана албетте, майрамдын башкы символу - балатыга абдан чоң арзандатуулар коюлган. Мисалы, 1 метр 80 сантиметр бийиктиктеги балаты үчүн 6 699 сомдун ордуна 4 999 сом гана төлөйсүз. 1 700 сомго арзан! Ал эми балаты шарларына болсо 20 пайызга чейин арзандатуулар болууда.

"2020-жылы жаңы батирге көчкөндүгүбүзгө байланыштуу майрамга карата үйдү жасалгалоого үлгүрбөй калганбыз. Бул жылы кызым жомоктогудай жасалганы талап кылып жатат. Ага керектүү буюмдарды алуу үчүн Globus'ка келдик. Бул жактан өзгөчө кооз лампа-шарларды, бантик жана фонарлардын топтомдорун көрдүк. Балатыны да жаңылап коёлу деген чечимге келдик. Анан албетте, принцессанын таажысын алмайынча кетпейбиз", - деди кардарлардын бири Екатерина Власова.

Майрам алдындагы көптөгөн түйшүктөрдөн улам үй-бүлөңүзгө, кесиптештериңиз, дос, туугандарга белек алууну эстен чыгарып койбоо үчүн азыртадан ал тууралуу ойлоно бергениңиз оң. Идиш аяк, турмуш-тиричилик техникалары, декоративдик жаздыктар, шейшеп топтомдору, дастаркон, белекке ылайыкталып жаңы жылдык белгилер түшүрүлүп кутуланган чайлар, оюнчуктар жана таттуулар - мына ушулардын баарын жана башка сиз издеген товарларды арзан баада ала аласыздар.

Richard падыша чайына 25 пайыздык арзандатуу жүрүп жатат. "Таттуулар сандыкчасын" 20 пайыздык арзандатуу менен сатып алыңыз. Мындан тышкары каалаган товарды белек катары жасатуу үчүн бул жерде кооз кагаздар, жаңы жылдык баштыктар, куржундар жана бүктөлө турган кутулар сатылууда.

Үй-бүлөлүк бул майрам үчүн дагы бир башкы мааниге ээ - бул жаңы жылдык стол! Globus'тан суусундуктарды, эң даамдуу тамактар үчүн азыктарды сатып алгандан тышкары даамы ооздон кеткис чүйгүн тамактарды да тандап алсаңыз болот. Деңиз азыктары, кызыл балык, икра, элиталык сырлар, колбаса кенен түрдө жайгаштырылды. Баалары болсо сизге жагымдуу таң калууларды тартуулайт. Тоңдурулган кетанын 1 килограммы 519 сомдон (649 сомдун ордуна). Кекилик карпаччосу 559 сомдон (мурунку баасы 665 сомдон), көк даттуу "Синегорье" баштапкы баасынан 300 сомго арзан сатылууда!

"Аялым ала турган азыктардын тизмесин берди. Баарын арзандатуулар менен сатып алдым. Азырынча майрамга чейин бузулуп кетпей турган азыктарды алып жатабыз. Антпесе жаңы жыл алдында элдин көптүгүнөн жүдөйбүз го", - деди бишкектик Аскар Рыспеков таңгакталган креветкалар, жүгөрү, нокот, ананас консервалары, шпрот, корнишон, Tabasco соусу, оливка майы салынган корзинасына башын жаңсай.

Жаңы жылдык ассортименттер менен кенен таанышуу үчүн Globus'тун 60 барактан турган майрамдык каталогу чоң жардам берет. Анда товардын сүрөттөмөсү, анын арзандатуулары кенен жазылган, бул аракеттер кардар бат эле ала турган азыктарынын тизмесин түзүп коюуга шарт түзөт. Баса, каталогдун электрондук версиясын да "барактап" көрүү мүмкүн.

Globus'тун онлайн-жеткирүү кызматы сиздердин ыңгайыңыздар үчүн дайыма иштей турганын эсиңиздерге салабыз. Виртуалдык корзинаны толтуруп, кеңседе майрамдык кечени белгилөөгө керектүү же үйгө керектүү азыктарды буюртма берсеңиз болот. Муну менен сиз акчаны гана эмес, убакытты да үнөмдөй аласыз.

А сиз жаңы жыл майрамы жакындап калганын сезе баштадыңызбы?


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан