Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Президенттик администрациядан кабарлашкандай, бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтөт. Ага Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясынын командасы катышат.
Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.
Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири - өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.
Беттештерге президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.
Оюндар "Спорт" (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында чагылдырылат.
Түз эфирдин башталышы саат 13:45.