Keyfor курулуш компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Евгений Шевкун орусиялыктар курулуш иштеринде мигранттардын ордун баса албай тургандыгын айтты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Эксперттин айтымында, курулуш тармагында иш графиги жумасына алты күн. Күнүнө 11 саат иштөөгө туура келет. Бирок орусиялыктар курулуш иштеринде чоң акчага да иштөөгө даяр эмес. Алар бош убакыт өткөрүүнү каалашат. Ошол эле учурда курулушта ишти кескин түрдө жеңилдете турган технологиялар азырынча жок.
Ноябрь айында Москва бийлиги курулуш иштеринде иштеген мигранттардын санын кыскарта тургандыгын жарыялаган. Москва мэри Сергей Собянин реновация программасына ылайык, мигранттардын санын кыскартуу боюнча тапшырма берген. Анын айтымына караганда, Орусиянын жакынкы райондорунан жумушчуларды тартуу жана эмгек акысын көбөйтүү зарыл. Муну менен бирге татыктуу эмгек шарттарын түзүү керектигин билдирген.
Көп өтпөй эле шаар мэри Москванын райондук коммуналдык кызматтарынын арасында мигранттардын санын кыскартуу боюнча резерв бар экендигин билдирген.