Президенттик гол: Садыр Жапаров алгачкы оюнунда 2 гол киргизип, командасын жеңилүүдөн алып калды

Бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүп жатат. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров жана президенттин администрациясынын командасы катышты.

Анда биринчи оюнда маданият өкүлдөрүнөн турган “Өнөр” командасына каршы Садыр Жапаров жетектеген президенттин администрациясынан түзүлгөн команда ойноду.

Анда оюндун биринчи бөлүгүндө “Өнөр” командасы 2 гол киргизип оюнду жетектеп жаткан. Оюндун экинчи бөлүгүндө президент кубаттуу сокку менен гол киргизип командасына жеңишти жакындатты. Кийин айып соккусун орундатып, экинчи голун киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан