Илон Маск рекорддук 10 миллиард доллар салык төлөшү мүмкүн

Tesla жана SpaceX`тин негиздөөчүсү Илон Маск 2021-жылы АКШнын тарыхындагы эң чоң салыкты төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Салыктын суммасы 10 миллиард доллардан ашышы мүмкүн.

Маалыматка ылайык, Маск сенатор Элизабет Уоррендин иш жүзүндө салык төлөөдөн качкандыгы боюнча айыптоосуна жооп кылып: "Эгер эки секунд көзүңүздү ачсаңыз, бул жылы мен тарыхтагы бардык америкалыктарга караганда эң көп салык төлөй турганымды түшүнөсүз", - деп жазган.

Маск буга чейин салыктарды жабуу үчүн 15 миллион долларга жакын опционду ишке ашырып, 11 миллион доллардык акциясын саткан. Бирок белгиленгендей, 10 миллиард долларлык салык ишкердин капчыгына катуу тийбейт. Быйыл эле ал дээрлик 98 миллиард долларга байып, байлыгын 253,6 миллиард долларга көбөйткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
suban78
2021-12-18 06:10:08
Балекет экен го бул Илон. Эч нерседен коркпого, орусча айтканда "рисковый парень".
Азаматсын
+1
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-18 09:52:33
Кыргызстанга министр экономики кылып иштетищ керек экен)))
+2
Isken90
2021-12-18 14:46:11
Мына сага чыныгы башы иштеген ойлоп табучу бизнесмен. Депутат эмес министир эмес бирок жонокой
+1
Salixa.
2021-12-18 18:27:18
Миллиарддерлер жөнүндө окуп калсам оюума биринчи ошончо байлыкка кантип жооп беришет болдукен деп ойлойм.
Аа эгер ошончо байлыкты сооп ишке жумшап ачкалыктан куурап бараткан өлкөлөргө чынында жардам бере турган болсо керт башы үчүн алган сообу ошо акчасынан да ашып кетсе керек ...))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан