Коронавирустун омикрон штаммы өтө жогорку ылдамдыкта жайылып жатат. Инфекциянын саны ар бир эки-үч күндө эки эсе көбөйүп жатканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 боюнча атайын өкүлү Дэвид Набарро билдиргени чет элдик маалымат булактарында жазылды.
Анын болжолуна ылайык, кээ бир өлкөлөрдө, атап айтканда Улуу Британияда кырдаал эки аптадан кийин начарлап кетиши мүмкүн.
"Бул бир аптада кырдаал сегиз эсе, эки аптада 40 эсе оор болот дегенди билдирет", - деген ал.
Ошол эле учурда Гонконг университетинин окумуштуулары омикрон штаммы дельта жана баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда адамга 70 эсе тезирээк жугаарын изилдеп чыгышкан.
Учурда омикрон штамы дүйнөдө кеминде 70 өлкөдө катталды.