WhatsApp мессенжеринин жаңы версиясында колдонуучуларга онлайн статусун бейтааныш адамдардан жашырууга мүмкүндүк берүүчү функция пайда болот. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, жаңы функция колдонуучунун купуялыгын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Буга чейин WhatsApp колдонуучуларынын баары адамдын онлайнда же жок экенин көрө алышкан. Эми мессенжерден анын номери тизмеге кошулган адамдар гана колдонуучунун онлайн статусун көрө алышат.
"Бул функцияны сиз тааныбаган жана сүйлөшүүнү каалабаган адамдардан онлайнда экениңизди жашыруу үчүн киргизилет", - деп айтылган маалыматта.