Азыркы учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө түрдүү тармактар боюнча билим алып жаткан кыргыз жаштарынын саны күн санап өсүүдө. Бул жолу мына ушундай илимге башын байлаган дымактуу жаштарыбыздын бири, Кытайдагы Шанхай шаарында билим алган Махабат Таалайбекова чет өлкөдө окуунун артыкчылыктары, тил үйрөнүү, билим алуудагы жолу жана алдыга койгон максаттары туурасында SUPER.KG порталына маек курду.
- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
- Менин аты-жөнүм Махабат Таалайбекова. 1998-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. 2018-жылы Конфуций институтунун стипендиялык программасынын стипендианты болуп, Кытай мамлекетиндеги Шанхай шаарында акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алгам. Мындан тышкары "ProKG2 аттуу лидерлик программасынын бүтүрүүчүсү жана көз карандысыз мамлекеттердин жарандары үчүн "EDUgrant" аттуу эл аралык билим берүү платформасынын негиздөөчүсүмүн. 2020-жылы "КМШнын мыкты студенти" наамына ээ болгом. Учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсүмүн.
- Кыргыз өлкөсүндө кайсы жогорку окуу жайда окудуңуз?
- Мен кичинекей кезимде дипломат болуп, эки мамлекеттин ортосуна көпүрө болууну кыялданып келчүмүн. "Дипломаттар кандай болушат? Алар өзүнүн мамлекетинин кызыкчылыктарын кантип коргошот? Эки тараптуу мамилелер кантип түзүлөт?" деп кызыкчумун. Ошондуктан 2016-жылы мектепти аяктаган соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетине тапшыргам. Негизги чет тилим - англис тили, ал эми экинчиси болсо - кытай тили.
- Кытай өлкөсүнө барып, билим алуу бактысына кантип туш келип калдыңыз? Ал жакка барганда эмнеден кыйналдыңыз? Алгачкы баргандагы сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз...
- Кытай тилин үйрөнүп баштаганда эле Шанхай шаарына барып билим алсам деген кыялым бар болчу. Экинчи курста окуп жүргөндө ата-энеме, үй-бүлөмө айтпай кытай тилинин деңгээлин билүү боюнча HSK, HSKK деген сынактарды тапшырып, керектүү документтерди толук топтоп, сынакка катышканга өтүнмө бергем. Негизи 2 университетке тапшырууга мүмкүнчүлүк болгон. Мен 2 университетти тең Шанхай шаарынан тандагам. Ошол убакта "Бир дагы университет өтүнмөмдү кабыл албай койсо эмне болот деп?" коркком. Бактыга жараша, июль айында биринчи университет катары тандаган "Shanghai International Studies University" тарабынан "Сиз окууга өттүңүз!" деген кат келген. Бул жагымдуу кабарды укканда аябай сүйүнүп, ата-энеме кубануу менен айткам. Ошентип Конфуций институтунун стипендиялык программасы боюнча жарым жылга Кытайдагы Шанхай шаарындагы чет тилдер университетинде акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алдым.
- Конфуций институтунун стипендиясы тууралуу маалымат бере кетсеңиз.
- Конфуций институтунун стипендиясы бара турган студенттин окуусун, жашай турган жерин, медициналык камсыздандыруу чыгымдарын каржылайт. Андан тышкары ар ай сайын 2500 юань стипендия бөлүнүп турат. Мен тапшырган университет Shanghai International Studies University (SISU) - Кытай боюнча алдыңкы университеттердин бири болуп саналат. Бул окуу жайга тапшырууда HSK, HSKК экзамендеринин жыйынтыгы, мотивациялык кат, Конфуций институтунун кытай маданияты боюнча сынактарга катышкандыгың жана сертификаттар өзгөчө каралат. Кытайга окууга тапшырууну каалаган жаштарга айта турган кеңешим, убакытты туура пайдаланып, HSK, HSKK экзамендерин тапшырып, башка документтерди даярдай баштасаңыздар болот. Негизи бул стипендиялык программага тапшыруу февраль айында башталат. Ошондуктан азыр убактыңыздар барда даярдана баштаңыздар деп айта кетмекчимин. Ал эми виза алууда, алгач анкетаны туура толтуруу зарыл.
- Кытайда окуп жүргөндө эсиңизде калган кызыктуу окуялар жөнүндө айтып берсеңиз.
- Кытайда жарым жыл аралыгындагы окуу процессинде чет өлкөдөн келген досторум менен биргеликте Сучжоу, Ханчжоу, Нанкин, Пекин деген шаарларына саякат жасап келдик. Аталган өлкөнүн борбору Пекинге саякат жасап жүргөндө Тяньаньмэнь аянты, "Жайкы сарай", тыюу салынган шаарча жана Улуу Кытай дубалын да көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Кичинекей кезимде эле Улуу Кытай дубалына өлкөбүздүн желегин желбиретип сепилге чыксам, өз көзүм менен көрсөм деп кыялданчумун. Менин кыялдарымдын бири орундалды десем жаңылышпайм. Кыргыз мамлекетинин кайсы кереметтүү жеринде болбоюн, кайсы чет өлкөгө барбайын, Кыргыз өлкөсүнүн желегин дайыма жаныма алып жүрөм. Ушундай саякат кылып, мүмкүнчүлүктөрдү бергенине Кудай Таалама аябай ыраазымын.
- Сиз эки өлкөдө студент болуп көрдүңүз, айырмачылыктарын айтсаңыз...
- Кытай өлкөсүнүн жана биздин мектеп, университеттердеги мугалимдер чынында аябай тажрыйбалуу. Маселен, Кытайдагы мугалимдер сабакта жөн гана лекция окубастан интерактивдүү такталарды колдонуп, сабакка тиешелүү презентация, видеолорду көрсөтүп, сабакты кызыктуу өтүшөт.
Ал эми студенттер негизги сабактардан тышкары кошумча сабактарга, ар кандай курстарга дагы катыша алышат. Жыл соңундагы экзаменде 90 баллдан жогору алган студенттердин мотивациясын көтөрүү үчүн 2500 юаньдан тышкары кошумча стипендия дагы берилип турат. Бир айда бир жолу ар кандай иш-чара, башка шаарларга тур уюштурулуп турат. Албетте, мунун баары Кытайга келген чет өлкөлүк студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттырат.
- Жогоруда айтканыңыздай, 2020-жылы "КМШнын мыкты студенти" болуптурсуз... Бул боюнча да учкай кеп айта кетсеңиз?
- 2020-жылдын март айында "КМШнын мыкты студенти-2020" сынагы жарыяланып калды. Бул сынак жөнүндө толук маалымат алып, керектүү документтерди чогулта баштадым. Сынакка катышуу үчүн өмүр баян, диплом, грамота, сертификаттардын көчүрмөлөрүн жиберүү керек экен. Өмүр баяныма бүт өзүмдүн жетишкендиктеримди жазып, керектүү документтерди топтоп, кабыл алуунун бүтөөрүнө 5 мүнөт калганда жибердим. "Менин документтерим жетпей, сынактан өтпөй калдым го" деп капаланып жүрсөм, бир нече аптадан кийин “Сиз сынактан өттүңүз, куттуктайбыз!” деген кат келди. Ал катты окуп, аябай сүйүнүп, үй-бүлөмө кубанычтуу кабар менен бөлүшкөм. Ошентип 2020-жылы "КМШнын мыкты студенти" наамына ээ болуп, 1-даражадагы диплом, төш белги менен сыйландым. Ошондой эле “КМШнын таланттуу жаштары” аттуу топтомуна кирдим.
- Өмүр баяныңызга көз чаптырсак, ыктыярчылык, котормочулук менен да алектенип келет экенсиз. Сыягы, студенттик кошуундун эң эле жаны жай албагандарынан окшойсуз...
- Ыктыярчылык - бул менин хоббим десем жаңылышпайм. Мен мектепте окуп жүргөндө эле коомдук иштерге көбүрөөк катышканга аракет кылчумун. Өзүм ар тараптуу инсан болгум келет. Ошондуктан кайсы жерде, кандай иш-чара болуп жаткандыгын угуп же Telegram, Facebook, Instagram баракчаларынан көрүп калсам, дароо эле резюмемди жиберип, жообун күтөм. Ошентип бир топ форум, фестиваль, конкурстарга катыштым. Мисалы, 2018-жылы Ысык-Көлдө өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып, ыктыярчылык милдетимди аткардым. Ага ыктыярчы катары салымымды кошкондугум үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан ыраазычылык кат менен сыйландым. 2019-жылы Казакстанда өткөн "Орто Азия мамлекеттеринин жаштар фестивалына" Кыргыз өлкөсүнүн атынан 38 адамдан турган делегация менен барып келдик. 2021-жылдын июль айында Түркиянын Анталья шаарында өткөн "ICYF" аттуу эл аралык ыктыярчылар лагерине катышканга толук каржыланган жолдомо утуп алып, мамлекеттин намысын коргоп келдим. Жакында эле Эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата Москва шаарында өтө турган “Биз биргебиз” аттуу ыктыярчылар форумуна катышканга мүмкүнчүлүк алдым.
Котормо жаатында да бир канча иш-чара, сынактарга катышып келем. 2019-жылы июнь айында Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюму саммитинин алкагында өткөрүлгөн маданий иш-чарасында Кытайдан келген делегацияга ыктыярчы катары тил жагынан колдоо көрсөтүп катыштым. Ал эми 2019-жылдан бери Бириккен улуттар уюмунун "Юнисеф" балдар фондунда, Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясында ыктыярчылык менен алектенип келем.
Иш-чараларды өткөрүүдө уюштуруучуларга жардам берүү менен кайсы иш-чараны кандай деңгээлде уюштуруп, өткөрүү керек экендиги боюнча бир топ тажрыйба топтодум. Чет өлкөдөн келген делегацияларды коштоп жүрүүдө котормочулук милдетти аткаруу менен бирге өзүмдүн чет тилдерге болгон кызыгуум артып, чет тилдерин өнүктүрдүм. Мунун аркасы менен көптөгөн досторду таап, эмгекчил, кыйын инсандар менен баарлышып, байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алдым.
Кыргыз жаштарына дагы дүйнө жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат жетсин деп "EDUgrant" аттуу эл аралык билим берүү платформасын ачтым. Ал жерден чет өлкөгө окуу үчүн стипендиалык программалар, ар өлкөдө боло турчу форум, фестиваль, конкурстар жөнүндө маалыматтарды тапса болот.
- Чет тил деп калдыңыз... Айтсаңыз, тил үйрөнүүдө кандай кеңештерди берет элеңиз?
- Негизи чет тил үйрөнүүдө жаңы сөздөрдү бир нерсе менен салыштырып жаттоо аябай эффективдүү болот жана жаңы сөздөрдү жаттаган соң дайыма кайталап туруу зарыл. Кайсы чет тилди үйрөнүп жатсаң ошол тилде тасмаларды көрүп, подкасттарды угуу дагы тилди бат өздөштүүгө жардам берет. Ошондой эле кайсы тилди үйрөнгүң келсе, ошол улуттун чөйрөсүндө болуп, практика кылуу керек.
- Учурда кайсы өлкөдө, шаарда жана кайсы тармакта алектенип жатасыз?
- Негизи азыр Кытай өлкөсүнүн Пекин шаарында магистратурада окушум керек эле. 2021-жылдын февраль айында Билим берүү жана илим министрлиги Кытай өкмөтү менен биргеликте уюштурган сынакка катышып, "Renmin" университетинде магистратурада толук гранттын негизинде окуганга мүмкүнчүлүк алгам, бирок пандемияга байланыштуу жана Кытай чек арасы жабык болгондуктан Кыргыз өлкөсүндө калдым. Учурда Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академисыда магистратурада окуп жатам. Окуудан сырткары өзүмдүн кесибим боюнча тажрыйба топтой баштадым.
- Чет өлкөдө билим алгысы келген жаштарга кандай кеңештерди бере аласыз?
- Бир дагы мүмкүнчүлүктү коё бербеңиздер. Азыр ар бириңиздерде чет өлкөдө бекер билим алганга мүмкүнчүлүктөр бар, бир гана ниет болушу керек. Азыртадан баштап коомдук иштерге активдүү катышыңыздар, чет тилдерди өздөштүрүңүздөр. Анткени чет өлкөлүк университеттерге өтүнмө берип жатканда "коомдук иштер", "чет тилди билүү деңгээли", "мотивациялык кат", "резюме" сыяктуу өзүнчө бөлүмдөр болот, ошолорду туура толтуруу зарыл. Учурда айрым өлкөнүн стипендиялык программалары ачылды, андыктан шашылыңыздар. Буга чейин айтып кеткендей "EDUgrant" аттуу долбоорумдун социалдык баракчаларына да катталыңыздар, ар бириңиздер өзүңүздөргө керектүү маалыматтарды ала аласыздар деген үмүттөмүн.