ЖМК: Аскар Акаевге Ломоносов атындагы сыйлык ыйгарылды

Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаев Ломоносов атындагы сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетине шилтеме берүү менен орус басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, Москва мамлекеттик университетинин кеңеши академик Аскар Акаевге биринчи даражадагы Ломоносов атындагы сыйлыкты ыйгарууну чечти. Мындай чечимди Москва мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңеши бир добуштан кабыл алганы, Акаев Борбор Азиядан бул абройлуу сыйлыкка татыктуу болгон биринчи окумуштуу болгону айтылат билдирүүлөрдө.

Акаев кванттык электроника, маалыматты иштеп чыгуунун оптикалык ыкмалары, эсептөө теориясы жана макроэкономика боюнча адис. Ал 150 илимий эмгектин, анын ичинде монографиялардын, окуу китептеринин, жети ойлоп табуунун жана 20 китептин автору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
muku.85
2021-12-19 11:30:58
Ушундай акылдуу экен оз мекенине да чын дилден кызмат кылса тээ баштан биз да азыр бир кыйла онуккон олкого айланмакпыз аттин.Эми бизге сыйлыгы бир тыйын.
+13
Akjol18
2021-12-19 11:58:53
muku.85,Акаев өзү деле өкүндүгө 15жыл илимден артта калдым,президент болгондон көрө илимди улантканымда элге көбүрөөк пайдам тиймек экен деп.
+12
Akjol18
2021-12-19 12:01:13
Бул кишиде негизи айып жок,айыптын баары жанындагыларда.Ошол Акаевди жандап камчысын чапкандар азыр деле бийликте,көбүнүн балдар кыздары келди уже бийликке.
+12
nazira...
2021-12-19 12:21:39
Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап. Бизге Кум Төрдөн ушу күнгө чейин алып келген долясын төгүп берип койсун, Нобелевской алса да. Өлгөн баласына шылтабай кыргызстанга келе турган болсо, өз абиири менен кайтарып берсин.
0
Spb
2021-12-19 12:52:10
Акаев жакшы киши аны тегерегиндеги адамдар еле жаман коргозуп койгон бизде бундай нерсеге шанс бере койбойт сразу еле баардык проблеманы чечип шветцаря кыла койу керек анын устуно адамдар майдаланып кетти баары еле саяасат болуп туулганын чонуна чейин
+3
Egizderim-baktim
2021-12-19 13:48:09
Жаль... Ушундай мээси менен иштеп бергенде кошуна олколордон азыр бир топ алдыда болмокпуз, мумкун китептрин бутундой эл окумак азыр эч ким кызыкпаса керек мунун китептери ачылыштарына. Туулган жеринде вообще сыйы жок
+1
Azat-123
2021-12-19 14:06:02
Акаевти аялы менен баласы жеп түгөткөн, өзү үй-бүлөөсүнө бош туруп берген, Акаевти улам-улам президент кылып алып келген негизинен эл өзүбүз күнөөлүү болдук, эгерде өзүнүн кесиби боюнча катуу талап кылып иштеткенибизде колунан мыкты адистер чыкмак, бирок азырда талап кылсак кеч эмесго дейм
+4
Bishkek11
2021-12-19 18:26:52
99 жолу актансада Акаев куноолу. Эркелете бербей жегендерин кустуруш керек.Канча эл кыйналып журот бунун айынан.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан