Кыргыз Республикасынын маданияты орду толгус жоготууга учурады. 18-декабрда 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Валентина Гилка узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашат.
Валентина Григорьевна 1941-жылы 23-ноябрда Украина ССРинин Донецк шаарында туулган.
1958-жылы Днепропетровск театралдык окуу жайынын режиссёрдук факультетине тапшырган. 1964-жылы Харьков театралдык институтун аяктап, Закарпатский драма театрынын группасына актриса катары кабыл алынган. Кийин Белгород, Астрахань, Иваново, Свердловск театрларында актриса болгон.
Валентина Григорьевна 1975-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенип келген. Көрүнүктүү актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин режиссёр жана продюсер катары чыгармачылык ишмердүүлүгүн уланткан.
Белгилүү актриса көптөгөн ролдорду, образдарды жараткан. Алардын ар бири көрүүчүлөрдүн жана кесиптештеринин эсинде чеберчиликтин, театрга, өз кесибине болгон сүйүүнүн үлгүсү катары түбөлүккө сакталат.
Валентина Григорьевнанын сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар менен ардак грамоталарга арзыган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдары ыйгарылган. Ошондой эле ушул жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Валентина Гилканын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.