Бүгүн, 20-декабрь Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин күнү.
20-декабрь - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин күнү катары 2007-жылдын 12-апрелинде өкмөттүн №120 токтомуна ылайык бекитилген. Дал ушул күндүн коопсуздук кызматкерлеринин күнү катары белгиленишинин тарыхый дагы мааниси бар.
1917-жылы Орусияда падыша бийлиги кулатылып, ошол жылдын 20-декабрында Жалпы орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясы түзүлгөн. Советтер Союзунун тарыхында бул түзүмдүн аталышы бир нече ирет өзгөргөн. Ал эми 1918-жылы Пишпек уезддик тергөө комиссиясы түзүлгөн. Коопсуздук кызматкерлеринин күнү Кыргыз мамлекетинен тышкары Армения, Орусия жана Беларусь өлкөлөрүндө расмий түрдө бекитилген.