"Акжол Махмудовду улай". Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбан кыздарын ачылыш жасаган балбандардын катарына кошту

Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбан кыздарын 2021-жылы ачылыш жасаган балбандардын бештигине киргизди. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

"Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 2017-жылы Айсулуу Тыныбекова чыгып баштагандан бери дүйнөлүк күрөштүн туу чокусуна чыкты. 2021-жылы бул улуттук курама команда мыкты болуп, Дүйнө чемпиондугунда эки алтынды кошкондо үч байге ута алышты", - деп жазылды уюмдун сайтында.

Октябрь айында Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын байге утса, Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-20 17:49:32
Айланайын алтындар бар болгула кудай өмүрүңөрдү берсин Кыргызды дүйнөгө жакшы жагынан тааныткан силерсиңер азыркы кезде
+11
alimbek94
2021-12-20 18:22:47
Кыргызстандын кыз келиндерди өжөр экен негизи эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан