Орусиялык ырчы Григорий Лепс 20 жылдык никеден кийин жубайы менен расмий түрдө ажырашты

Орусиянын Хамовники шаарынын соту ырчы Григорий Лепст (чыныгы аты-жөнү Григорий Лепсверидзе) менен анын жубайы Анна Шаплыкованын никесин бузуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, соттук отурумга аялынын өкүлү гана катышып, Григорий Лепстен сот ажырашууга жазуу жүзүндө макулдук алган.

Орус басылмаларынын жазганына караганда, ажырашууну Анна Шаплыкова өзү сунуштаган. Андан кийин Григорий Лепстин ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөн. Мындан улам анын Лариса Долина менен дуэт аткаруусу күтүүсүздөн жокко чыгарылган.

Ажырашар алдында орусиялык ырчы зер буюмдарды саткан компаниясын мурунку жубайына өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-12-21 00:12:36
Баары эле ажырап жарашып жүрөт го, артисттерге боло берет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан