Жо Байден Орусиянын Украинага басып киришине жол бербөө үчүн төрт жума убакыт берди

АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн администрациясына Орусиянын Украинага пландалган басып кирүүсүн алдын алуу үчүн төрт жума убакыт берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ак үйдүн башчысы өз командасына кол салууну болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон куралдарды колдонууну тапшырган. Ошол эле учурда Вашингтон Орусияга экономикага жана каржы системасына сокку урууну каалап жатканы белгиленди.

10-декабрда Жо Байден менен Украина президенти Володимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Байден Орусия Украинанын аймагына басып кирип, эки өлкөнүн чек арасында кырдаал курчуй турган болсо, Орусияны катуу санкциялар күтүп турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-20 20:43:57
Жиндилер)))
-1
Gulina00
2021-12-20 21:30:15
Тынччылык эле болсунда.
0
CAPATAH
2021-12-20 21:39:26
Согуш мусулмандардан алыстап,каапырлар бири бири менен согушса биз алдыга свгаыз
-1
zilish_kg
2021-12-20 22:26:48
CAPATAH,Алдыга чыгуунун башка жолдору көп , бирок согуш менен эмес. Согушта утуучу утулуучу да жабыр тартат, ниетти түздөйлү.
+6
Bul-kim
2021-12-20 21:41:23
Америка колунан эч нерсе келбей, суунун ары жагында туруп алып Тап берип жатат
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан