Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл алдына көзү көгөргөн абалда чыкты.
Министр Ала-Тоо 24 телеканалына коронавирустун жаңы штаммынын коркунучу тууралуу комментарий берген. Анда министрдин көзү көк ала болуп жүргөнүн көрүүгө болот.
Министрдин көзүнүн көгөргөн видеосу жарыялангандан кийин Ала-Тоо 24 каналында анын катышуусундагы видео өчүрүлүп андан кийин жаңысы жүктөлгөн. Бирок анда Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусундагы кадр алынган.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат.