Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Omicron коронавирус штаммынын касиеттери боюнча жаңы тастыкталган маалыматтардын пайда болгонун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Азыр омикрон штаммы дельтага караганда тезирээк жайылып жатканына ишеничтүү тастыкталган далилдер бар", - деген ДССУнун башчысы.
Ал кошумчалагандай, тастыкталган маалыматтар эмдөөдөн өткөн же коронавируска чалдыккан адамдардын омикрон штаммына туш болгондо кайрадан жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогору экенин көрсөтүп турат.
Гебрейесус ошондой эле 2021-жылы 3 миллион 300 миңден ашык адам коронавирустан каза болгонун, бул 2020-жылы ВИЧ, безгек жана кургак учуктан каза болгондордун санынан ашып кеткенин билдирген.