Москвада 10 баллдык унаа тыгыны катталды

Кечээ, 20-декабрда саат Москва убактысы боюнча саат 18:35ке карата Москва шаарында унаа тыгыны 10 балл деп бааланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, унаа тыгыны Москванын борборундагы көчөлөрдө жана айланма жолдордо көп байкалган.

Москванын Транспорт департаментинин Telegram-каналында белгиленгендей, унаа тыгынынын көп болушунун негизги себеби майрам алдындагы соода борборлоруна сапарлар, курулуш иштерине байланыштуу унааларга киргизилген чектөө жана кар жаашы себеп болгон.

Мындан улам аталган башкармалык шаар тургундарынан шаарды кыдырууда коомдук транспортту колдонууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, Москва шаарында 17 миллиондон ашуун калк жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kg-04
2021-12-21 00:29:36
Ошол тыгында такси айдап журдум мен сабырым ото эле такшалды окшойт
+18
MAKALAK
2021-12-21 01:04:53
Kg-04,Бироо сурап атабы каякта жургонуну
-24
bond02
2021-12-21 01:44:59
MAKALAK,сурап калышпасын деп жаткан го.
-16
Kushu_0703
2021-12-21 12:44:45
MAKALAK,мне сураш керекпи созсуз?
+3
Egizderim-baktim
2021-12-21 03:44:04
Kg-04,ишинизге ийгиликтерди каалайм
+17
Kg-04
2021-12-21 04:32:04
Egizderim-baktim,Рахмат айланайын ушундай жакшы ниетинерди айткылачы макалё менен крейг
+8
bond0202
2021-12-21 07:16:48
Москвада айдоочулар конуп калышкан мындай пробкаларга
+4
Mister-XXX
2021-12-21 14:56:15
Москвада 10 балл биринчи болуп жаткан жок.Жылда эле кышында ушундай болот.Гиннеске киргизебиз деп жүрбөгүлө.Суперчилер мезгилден өздөрү артта калып,биз ачылыш жасадык дей берчү эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан