Бишкек шаардык ички иштер
башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда "тамада Бакыт Букаевди кылмышка шектүүлөр тоноо максатында өлтүрүшкөн" деген версия каралып жаткандыгын билдирди.
Иликтөөлөрдө маркумдун батиринен Самсунг үлгүсүндөгү телефон, кара спорттук
баштык жана ноутбук жоголгону белгилүү болду. 2013-жылдын 16-ноябрында Бишкек
ШИИББинин Иликтөө башкармалыгында аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн иликтөөчү
топ иштеп жатат. Телефондогу сүйлөшүүлөр боюнча маалымат алууга жана уурдалган
телефондун IMEI кодун аныктоого сот токтом чыгарды. Учурда иликтөө иштери
жүрүп жатканы айтылды.
Эскерте кетсек, белгилүү тамада, шоумен Бакыт Букаев 13-ноябрда киши колдуу болуп каза тапкан.