АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2022-жылы Кытайда өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына АКШнын бойкот жарыялоо идеясына каршы чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, саясатчы Кытайдагы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялоо идеясын колдобой турганын айтып, АКШ 1980-жылкы Москва Олимпиадасына бойкот жарыялаганын эске салган. Ал ошондой эле мындай аракеттер спортчуларга зыян экенин белгилеген.
"Жок, бул туура эмес. Анткени мен Жимми Картердин муну жасаганын (1980-жылы Москва Олимпиадасына бойкот) ] көрдүк жана бул абдан коркунучтуу болгон. Бул спортчуларды кыйнады. Биз буга караганда алда канча спортчуларыбызга пайдалуу нерселерди жасай алмакпыз", - деген Трамп.
Буга чейин АКШ жана Жаңы Зеландиянын бийлик өкүлдөрү 2022-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиадага баруудан баш тарткан.
XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөт. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо утту.