"Рай" тайфуну Филиппинди кыйратты: 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кырсыктын сүрөттөрү

Филиппиндеги эң күчтүү "Рай" тайфунунан 200дөн ашык адам каза болуп, дагы 50дөн ашуун адам дайынсыз жоголгон. Ал эми эвакуациялангандардын саны он миңдеп саналат.

Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, тайфун Тынч океандын батыш бөлүгүндө пайда болгон. Кырсыктан эң көп Себу жана Бохол аймактары жапа чеккен. Дүйнө жүзүндөгү коомдук активисттер филиппиндиктерге жардам берүү үчүн акча чогултуу акциясын уюштурууда. Өлкө бийлиги тайфундун кесепеттерин жоюу үчүн мүмкүн болгон бардык күчтөрдү жумшап жатат.

Синоптиктер Филиппинде катталган "Рай" тайфунун метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң күчтүү тропикалык циклондордун бири экендигин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан