Бүгүн, 21-декабрда Темирязев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыкты. Учурда өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМ кызматкерлери тартылды.
Кырсык катталган жерге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев келди. Ал өрттү көрүп кетти.
Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоо максатында өрт чыккан аймакка эч кимди жолотпой жатат.