«Мой О!» тиркемеси менен банктык кызматтарды алуу ыңгайлуураак жана пайдалуураак боло баштады! Эми «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары үйдөн чыкпай туруп, «Бакай Банк» ААКнын кредиттерин төгүү, карталарын толуктоо, эсептерин жана депозиттерин комиссиясыз төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Смартфондогу финансылык сервистерди колдонуу 24/7 режиминде төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет, убакытты бир кыйла үнөмдөйт жана банктык бөлүмдөргө баруу муктаждыгынан арылтат.
Тиркемеден кызматтар менен колдонуу оңой:
Каражаттар дароо түшөт, ал эми электрондук чек төлөмдөрдүн тарыхчасында сакталат.
Мындан тышкары «Бакай Банктын» кызматтары үчүн комиссия бардык 3 000 О! Мобилдик операторунун төлөм терминалдарында дагы нөлгө түшүрүлдү.
Эске салсак, бир нече клик менен «О!Деньги» капчыгы аркылуу 40тан ашуун финансы мекемелериндеги кредиттерди төгүүгө, ошондой эле Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Украинанын банктарынын капчыктарын жана карталарын толуктоого болот.
Комиссиясыз жеткиликтүү банктык кызматтар:
«Айыл Банк», «Оптима Банк», «Кыргызстан Коммерциялык Банкы», «Халык Банк Кыргызстан», «Банк Компаньон», «Кыргызкоммерцбанк» (эсепти толуктоо), «Ислам Финансы Борбору».
«Айыл Банк», «Оптима Банк», «Дос-Кредобанк», «Халык Банк Кыргызстан», «Банк Компаньон», «Ислам Финансы Борбору», «БайлыкФинанс», «Микро Капитал», «Финанс Стандарт», «АБН», «Траст–Юнион», «БМКК», «Келечек», «Би кредит».
Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.