Чүй облустук милициясы жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого жардам сурайт.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 6-июлда көчөдөн табылган. Жашы болжол менен 50-55тер чамасында.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кыска ак баскан.
Кийген кийимдери: Көйнөк, көк түстөгү шым, бутуна кара түстөгү бут кийим.
Кимде-ким сүрөттөгү жаран жөнүндө маалымат билсе милиция кызматкерлери төмөнкү телефон номерлерге телефон чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 60-73-87, 0501 74-66-00.