Өзбекстанда ашыкча салмактан арылган чиновниктерге акча төлөнөт

Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров облус кеңешинин жыйынында ашыкча салмакта жүргөн адамдарга ар бир арыктаган килограммы үчүн 500 миң сум берилерин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бозоров Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянуу менен оорулардын көбү ашыкча салмактан, туура эмес тамактануудан келип чыгарын айткан.

"Биз анализдеп көрсөк кант диабети менен 32 миң бейтап каттоодо туруп, жабыркап келет. Алардын 20 миңдейинде гана бул илдет ата-бабасынан өтүптүр", - деген ал.

Жакында ал жер-жерлерде атайын комиссиялар түзүлүп, чиновниктердин салмак таштоосуна көз саларын кошумчалаган.

Бул программага жергиликтүү поликлиникаларга каттоого туруп, катышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан