"Вакцинанын бош флакону, банан, айнек, картон...". Дүйнөдөгү өзгөчө жасалган балатылар (фото)

Жыл жаңырар алдында дүйнө жүзү боюнча Жаңы жыл майрамына карата миллиондогон балатылар орнотулуп жатат. Мындан улам дүйнөдөгү эң оригиналдуу жасалган балатыларга саресеп салып көрдүк.

Португалиянын борбору Лиссабон шаарындагы Жаңы жылдык балаты Европадагы эң бийик балаты. Бийиктиги 76 метрди түзөт. Балатынын дагы бир өзгөчөлүгү адамдар ичине да кире алганында.

Ал эми бул жаркыраган алп балаты Ирактын Каракош шаарында орнотулган. Аталган шаарда көбүнесе христиан динин тутунгандар жашайт.

Быйыл Франциянын Бордо шаарында өзгөчө балаты орнотулду. 11 метрлик бул балаты кайра иштетилген болот металынан жана айнектен курулган.

Таштанды балатысы. Сиз көрүп турган өзгөчө балаты Улуу Британиядагы лорда-мэринин резиденциясынын балконунда коюлду. Сүрөттө көрүнүп тургандай балаты таштандыдан жасалган.
Ал эми бул банандан курулган өзгөчө балаты Боливиянын Ла-Пас шаарында орнотулду.
Эң өзгөчө балаты деп айтсак жаңылышпайбыз. COVID-19га каршы вакцинанын 19000 даана бош флаконунан турган балаты Румыниянын Бухарест шаарында эмдөө борборлорунун биринде орнотулду.
Берешен дарагы деп аталган бул балаты кадимки картон кагазынан жасалган. Бул балаты АКШнын Нью-Джерси штатында коюлган.
Жылдын оригиналдуу балатысы. COVID-19 жана сасык тумоого каршы вакциналардын бошоп калган бөтөлкөлөрүнөн жасалган жаңы жылдык балаты Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы ооруканалардын биринде орнотулган..
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2021-12-21 23:40:53
Биздеги тезектен жасалган балатыны кошуп койбопсунар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан