Кытайлык блогер салык төлөөдөн качканы үчүн 210 миллион доллар айыпка жыгылды

Кытайлык интернет жылдызы салык төлөөдөн качканы үчүн 210 миллион доллар айыпка жыгылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактагы баракчасында 10 миллиондон ашык катталуучусу бар Хуан Вэй аттуу интернет жылдызы салык төлөөдөн качканы үчүн 210 миллион доллар айыпка жыгылган. Ага айыпты Кытайдын Ханчжоу шаарынын салык департаменти чыгарган.

Мындан тышкары, ал бир нече салык салынуучу киреше отчётун берген эмес. Ханчжоу бийлиги аны 2019-2020-жылдар аралыгында жеке кирешесин жана башка каржылык кылмыштарын жашырган деп күнөөлөгөн.

Салык кызматы блогер көзөмөл органдарынан алынган комиссиялык кирешесин жашырып, жеке маянасын корпоративдик киреше катары жарыялаганын билдирген.
Хуан Вэй социалдык тармак аркылуу ар кандай өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүп жаткан эң ийгиликтүү кытай блогерлеринин бири.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algakaray
2021-12-22 02:56:59
Мага ысыгы да суугу да жок.
+3
Kolyaa
2021-12-22 04:08:31
Кытай мамлекеттик бюджетти кандай толтурушту билет.
+1
Jelezo
2021-12-22 14:57:37
Бизде мамлекеттен 200млн урдаган төлөмөк турсун депутат,министр же президент болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан