Бүгүн Талас облустук үй-бүлөлүк
медициналык борбордун базасында жаштар үчүн медициналык клиника ачылды.
Клиниканын максаты - жаштарга медицино-психо-социалдык жактан
жардам берүү жана жаш өспүрүмдөрдүн репродуктивдүү ден соолугу жаатында кеңештерди берүү, ден соолугун көзөмөлгө алып туруу. Айтып койчу нерсе, клиникага азырынча
керектүү эмеректер алынып келингени менен, медициналык жабдуулар келе
элек.