Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңеште Бакытбек Жетигенов боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутат Бакытбек Жетигеновду “бийликти курал колдонуп, күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен кармаган. Башкы прокуратура Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу боюнча сунуш берген. Мындан улам депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДП фракциясынан Евгения Строкова, "Республика Ата-Журт" фракциясынан Авазбек Абдугапаров, "Кыргызстан" фракциясынан Канат Исаев, Алмаз Токторов, "Өнүгүү прогресс" фракциясынан Тазабек Икрамов, "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров, "Ата-Мекен" фракциясынан Эмил Токтошев кирген.
Кийин Жетигенов боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына Аманкул Токтомамбетов, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Каныбек Иманалиев кирип, комиссиянын төрайымы болуп Айсулуу Мамашова шайланды. Канат Исаев өз каалоосу менен төрагалыктан кеткен. Комиссия депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок.