"Туулган күнүмдү майрамдабайбыз". Жаныбек Абиров 33 жашка толду

Бүгүн, 22-декабрь күнү Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттыгына Бишкек шаарынын Ленин районунан шайланган депутат Жаныбек Абиров 33 жашка толду. Абировго байланышканыбызда, туулган күнүн бүгүн өткөрбөй тургандыгын айтты.

"Туулган күнүмдү майрамдабайбыз. Биринчиден, бүгүн көп иш-чаралар бар. Кудай буюрса, эртең, 7-чакырылыштын жаңы депутаттары чогулат, ант берүү аземи болот. Биз ант беребиз. Ошол себептен бүгүн ал иш-чарага даярданабыз. Балким, мандат алган соң ишемби күнү үй-бүлөм менен чогулабыз. Куттукташат го", - деди Абиров.

22-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2021-12-22 12:25:37
Бардык депутат, министрлердин да туулган кундорун кантип откоруп атышат кошо жаза кеткиле, элдер жанылыкка суусап турганда
+3
abusait
2021-12-22 13:39:00
Эркек кишилер туулган кунду майрамдашпайт.
0
Nuuman
2021-12-22 14:00:47
Мен кутпойм, өткөрбөйм деле. Аялым дасторкон жайып балдарым куттукташат. Тамактанып алып анан уктамай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан