Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздар менен болгон жолугушууда билдирди.
Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бүргөндү-Суу тилкесин бөлүп, калган этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн атайын шаарчанын курулушуна капсула салды. Азыр иш жүрүп жатат. Министрликтин ушул жылдагы бюджетинен Чоң-Алай районуна 10 миллион сом бөлүнүп берилген жана 70 гектар жерди трансформациялоо,шаарчанын башкы планын түзүү, инженердик-архитектуралык пландоо боюнча иштер аяктады.
Курулуш иштери кийинки жылы башталат.
"Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки министрлер кабинетинин стратегиялык өнүгүү боюнча улуттук программасына киргизилген", - деди министр.
Памир кыргыздарына андан тышкары министр Кудайберген Базарбаев президенттин атынан азык-түлүк жана кышкы кийим-кече түрүндөгү гуманитардык жардам берди.