Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарына мандат тапшыруу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 22-декабрда өткөн маалымат жыйында айтты.
Маалыматка ылайык, шайлоо боюнча сотто бир нече арыз каралып жаткандыгына байланыштуу БШК мандат тапшырууну убактылуу токтоткон.
"Сотто биз кабыл алган чечим боюнча үч, бир мандаттуу округ боюнча дагы иштер каралып жатат. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо маселесин биз убактылуу токтотуп турабыз", - деди Шайлдабекова.
Буга чейин эртең, 23-декабрда жаңы депутаттарга мандат бериле турганы айтылган. Ал эми бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иши соңуна чыгары кабарланган.