Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун тургуну, 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов кылмышка шектелип кармалган адамды тааныбай тургандыгын ага байланышканыбызда билдирди.
"Кылмышка шектүү катары кармалган адамды буга чейин такыр көргөн эмесмин, тааныбайм дагы. Эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдирди Сулайманов.
Маалымат үчүн:
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.
Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.