"Юмордун бир бөлүгү катылса, бул жерде жаман деле эч нерсе жок". Путин хайп тууралуу оюн билдирди

Бүгүн, 23-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.
Маалымат жыйындын алкагында ага журналист Аяз атаны сотко берүүгө камынган юрист туурасында суроо узатты. Анын берген суроосуна караганда, аталган юрист 23 жылдан бери жаңы жылдын башкы каарманы ага белек бербей келгенине нааразы болгон.
Журналист акыркы учурда өзүн пиар кылыш үчүн каалаган темасына хайп кылган адатка өтүп алышканына да нааразы экенин билдирген.
Владимир Путин журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Аяз атанын "жактоочусу" боло аларын айтып, "Ал (доогер) өзүнүн кылыгын анализдеп, Аяз ата ага эмнеге белек бербей жатканын ойлонуп көрсүн. Бул жактоонун негизги багыты болмокчу. Ал эми менин өзүмө келе турган болсок, Аяз атага азыркы турушумда сиз менен ким катары сүйлөшүп жатканым үчүн ыраазымын. Андан сырткары, Орусия элине бул кызматты мага ишенип тапшырганына ыраазымын", - деп билдирди.
Орусиянын президенти ошондой эле "Хайп тууралуу айта турган болсом, башкысы кара өзгөй болбош керек. Эгерде юмордун кандайдыр бир бөлүгү катылса, бул жерде жаман деле эч нерсе жок", — деп хайп тууралуу да оюн билдирген.
Айта кетсек, Орусиянын Вологда облусунун соту орусиялык жарандын доосу менен Аяз атага 10 миллион рубль, 23 белек жана кыялын аткарып берүү боюнча чечим чыгарган. Ал жаңы жылдын башка каарманы суранычын, тилектерин орундатпай, өзүнө тапшырган милдетти аткарбай жатат деп нааразы болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina00
2021-12-23 21:24:44
Хахаго озунчоле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан