Ооганстандын Газни провинциясында талибдер аял туугандарынын коштоосунда ооруканага келген аялдарга медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган провинциядагы Мукур районунда кыздарды эркек туугандарынын ордуна жакын аял туугандары коштоп жүргөн учурлар көп болгон. Бийликтин айтымында, бул жүрүм-турум "адепсиз жана мыйзамсыз". Ошондуктан алар дарыгерлерди мындай аялдарга медициналык жардам көрсөтпөөгө чакырышкан.
Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстанда бир нече телеберүүлөрдү, анын ичинде аялдардын катышуусундагы программаларды көрсөтүүгө тыюу салган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.