Бишкекте жаңы Салык кодекси боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, Экономика жана коммерция министрлигинин салык башкармалыгынын жетекчиси катышууда.
Жыйында ишкерлерди түйшөлткөн ККМ маселеси тууралуу айтылды.
"Кирешеси 8 миллион сомго чейинки ишкерлер салык төлөбөйт. Мындай салыктык каникул мөөнөтсүз болот.
Кирешеси 8 миллион сомдон ашкан соң салык төлөп баштайт.
Өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү 23-24 пайыз деп айтылып келет. Бул цифра башкача дагы болушу мүмкүн.
Бишкекте 15тен ашуун ККМди тейлей турган жайлар бар. Чоң компаниялар сатып ала турган аппараттык ККМдер 10 миң сомдон 300 долларга чейин болот", - деп билдирди Бекболот Алиев.
Белгилей кетсек, буга чейин "Таатан" соода борборунун, "Дордой" базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы чыгып, нааразычылыктарын билдиришкен.