Өкмөт үйүнүн алдында "Таатан" соода борборунун соодагерлери митингге чыгышты. Алар контролдук кассалык машина орнотууга каршы экендигин билдирип, патент менен иштей берүүнү суранып чыгышкан.
"Биз өз эркибиз менен патент, социалдык фондду төлөп жатабыз. Биз керексиз убакыт коротууларды каалабайбыз. Аппараттарды коюп, бухгалтерия менен алектенгибиз келген жок. Биз ансыз деле эртеден кечке отуруп, соода менен алектенген карапайым соодагерлербиз. Биз ККМ аппараттарды орнотууну каалабайбыз", - деди соодагерлердин бири.