Түштүк Кореянын өкмөтү 24 жылга эркинен ажыратылган өлкөнүн экс-лидерине ырайым кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн абакта жазасын өтөп жаткан. Ага 31-декабрдан тарта мунапыс бериле турганын өлкөнүн Юстиция министрлиги билдиргендиги айтылат маалыматта.
"Өкмөт 24-декабрда 2022-жылдын босогосунда 31-декабрдан тарта 3094 адамга, анын ичинде мурдагы президентке ырайым кылуу чечимин кабыл алганын жарыялады", - деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, Пак Кын Хе коррупцияга жана өлкөнү башкарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Мындан сырткары сот мурдагы президентке 16 миллион 900 миң доллар айып салган.
Сот мурдагы өлкө башчыны, ага карата тагылган 18 айыптын он алтысы боюнча күнөөлүү деп таап, 24 жылга эркинен ажыраткан.