Ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл кызы Лилибет "Лили" Диана Маунтбаттен-Виндзордду биринчи жолу коомчулукка көрсөтүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарыяланган сүрөттө эки жашар Арчи-Харрисон ханзаада Гарринин алдында отурат, ал эми Меган Маркл Лилибетти кучагында кармап турат.
Меган Маркл 2021-жылдын 4-июнунда кыз төрөгөн. Лилибет "Лили" Диана Маунтбаттен-Виндзор Калифорниядагы Санта-Барбара ооруканасында төрөлгөн. Кыз Елизабет II`нин 11-чебереси. Жубайлардын уулу Арчи 2019-жылы төрөлгөн.