Казакстан коңшулардан быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу сууну көп алды. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев жыл жыйынтыгын айтып жатып билдирди.
"Активдүү сүйлөшүү саясатыбыздын натыйжасында коңшулар бул жылы бизге былтыркыга салыштырмалуу сууну көп берди. Жалпысынан Сырдарыя бассейинине кошумча 700 миллион метр куб (былтыркыга салыштырмалуу 106 миллион метр куб суу көп болгон) суу алдык. Коңшуларыбыз өздөрү үнөмдөөгө туура келди. Ошого карабастан бизге сууну беришти. Мунун натыйжасында биз Түркестан, Кызылорда жана Жамбыл облустарындагы дыйкандар сугат суу менен камсыз болушту", - деген министр.
Маалымат үчүн:
Коңшу Казакстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында суу алганы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда айтылган.
Андан соң бул боюнча Энергетика министрлиги маалымат таратышкан.