Өлкөдө 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.
"11 айда 780 адам каза болуп, 10 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бүтүндөй үй-бүлөнүн өмүрүн алган жол кырсыктары болгон. Коомчулук арасында кооптонууну жаратууда. Эксперттер негизинен айдоочулардын маданиятсыздыгынан келип чыккандыгын белгилешүүдө. Ал эми мейкиндигинен алып караганда, кырсыктар негизинен шаарлар менен айылдарды бириктирген унаа жолдордо, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас магистралдарында катталууда", - дейт президент.