Иран кошуна өлкөлөрү менен болгон чек араны 15 күнгө жапты

Иран кошуна өлкөлөрү менен болгон чек араны 15 күнгө жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бажы кызматынын өкүлү Рухолла Латифи өлкөгө кирүүгө чектөөлөр Түркия, Ооганстан, Пакистан, Азербайжан, Армения жана Иракка тиешелүү экенин белгилеген.

Бажы кызматкеринин айтымында, Иранга студенттик, медициналык, иштөө жана жашоого уруксаты барлар гана кире алышат. Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө омикрон штаммынын биринчи учуру 19-декабрда катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан