Бишкек Жылуулук электр станциясында суу түтүгү жарылып, оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-декабрда саат 22:30 чамасында Бишкек ЖЭБинин жээктеги насостук станциясында суу түтүгү жарылган.
"Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 26-декабрда ал чектелип, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Электр жана жылуулук жүктөмү өз нормасында. Бишкек жылуулук станциясы штаттык негизде ишин улантууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, буга чейин 2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.